УКМК: Бийликти басып алуу тууралуу чакырыктар  боюнча иликтөө жүрүүдө

УКМК: Бийликти басып алуу тууралуу чакырыктар  боюнча иликтөө жүрүүдө

Интернеттеги бийликти басып алуу тууралуу чакырыктар  боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, социалдык тармактарда айрым саясатчылардын, президенттикке талапкерлердин жана алардын жактоочуларынын 2021-жылы революцияны уюштуруу тууралуу жана шайлоодон кийин массалык нааразычылык акцияларын өткөрүү жөнүндө диалогдорунун аудио жазууларын жайылтуу боюнча текшерүүлөр жүрүүдө.

Анын жыйынтыгы менен материалдар соттук-фоноскопиялык жана филологиялык экспертизага жөнөтүлөт.

Жогоруда айтылган экспертизалардын жыйынтыгында бийликти күч менен басып алууга үндөгөн тараптардын аракеттерине юридикалык баа берилет.

Буга байланыштуу УКМК жарандарды социалдык тармактарда жана Интернетте чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана мүмкүн болгон фактыларды укук коргоо органдарына кабарлоого чакырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>