Site icon Reporter.kg

УКМК бийликти күч менен басып алууну пландаган топту кармады

УКМК белгилүү бир деструктивдүү саясий күчтөрдүн таасири астында, бир нече ай бою өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана жарандардын өлүмү менен коштолгон Бишкек шаарынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштуруу жолу менен, бийликти күч менен басып алууну жүзөгө ашырууну пландаган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт койду.

УКМК маалымдагандай, аталган адамдар, ушул жылдын 31-августунда Бишкек шаарына жакын жерде өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштарды, анын ичинде алдын ала даярдалган кыйратуучу күчтөрдү топтоо максатында спорттук оюндарды уюштурууну пландаштырышкан.

Ошондой эле бул спорттук иш-чарага элди Бишкекке жөө жүрүшкө үндөш үчүн айрым оппозиция лидерлерин чагымчыл катары чакыруу пландалган. Андан соң, алдын ала даярдалган деструктивдүү спортчулардан жана кылмыштуу элементтерден турган адамдардын тобу  кырдаалдан пайдаланып, чогулган элди Бишкекке алып барышып, жол боюнда зордук-зомбулук, каракчылык, өрттөө, мүлктү жок кылуу менен коштолгон массалык баш аламандыктарды уюштуруп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды колдонуп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн.

Мындан тышкары, даярдалган адамдардын тобу провокация жана кырдаалды курчутуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине каршы колдонуу үчүн, ок атуучу куралдарды ээлеп алуу максатында ок атуучу полигонду басып алууну пландашкан.

Аталган кылмыштуу топ үстүбүздөгү жылдын башынан бери бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп, республиканын айрым аймактарында деструктивдүү маанайдагы жаштарды мобилизациялоо үчүн «Смотрящийлер» делген адамдар менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Баш-аламандыкты уюштурууну көздөгөн тараптар ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жана уулу заттарды (көздөн жаш агызуучу газды) даярдоо үчүн зарыл болгон тетиктерди сатып алышкан. Ошондой эле, баш-аламандык учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, күч түзүмдөрүнүн аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу максатында, алардын аракеттерин координациялоо үчүн рацияларды, ок өтпөс кийимдерди жана  көп сандагы укук коргоо органдарынын кийимдерин да сатып алышкан.

Кармалган К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б., 2024-жылдын 21-августуна чейин КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тийиштүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version