УКМК бирдиктүү эсепке кезектеги миллиондорду которду

УКМК бирдиктүү эсепке кезектеги миллиондорду которду

Улуттук коопсуздук комитети Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 67 миллион 644 миң сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Атайын кызмат жогорудагы миллиондор мамлекетке зыян алып келген кайсы кылмыш иштерден өндүрүлгөнүн ачыктаган жок.

Жалпысынан УКМК бирдиктүү эсепке 371 миллион 291 миң сом которгон.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштердин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсеп ачылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>