УКМК бирдиктүү эсепке кезектеги миллиондорду которду

УКМК бирдиктүү эсепке кезектеги миллиондорду которду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 11 миллион сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Айта кетсек, атайын кызмат 30-август күнү да бирдиктүү эсепке 31 миллион сом өлчөмүндө акча которгондугун маалымдаган.

Жалпысынан УКМК бирдиктүү депозиттик эсепке 283 миллион 535 миң   сом которгон.

Мекемеден билдиришкендей, бул акчалар коррупциялык кылмыштар аркылуу мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттар.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштердин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсеп ачылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>