УКМК: Бишкек мэриясынын дене-тарбия жана спорт мекемесинин башчысы коррупцияга шектелүүдө

УКМК: Бишкек мэриясынын дене-тарбия жана спорт мекемесинин башчысы коррупцияга шектелүүдө

Улуттук коопсузудк мамлекеттик комитети Бишкек шаардык мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын кызматкерлери аралашкан коррупциялык схеманы аныктады.

Такталгандай, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Даулет Досалиев жооптуу адамдар менен биргеликте, спортчуларды машыгууга чыгуусун күбөлөңдүргөн документтерди жасоо жолу менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган, бирок, ал машыгуулар уюштурулган эмес.

Иш жүзүндө машыктыруучулар жана спортчулар аталганкагаз жүзүндөгү машыгууларга бюджеттик каражаттан 3 млн сом сарптаганы аныкталган.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-б. (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып,  тергөө иштери башталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>