Site icon Reporter.kg

УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясына иш козгоду

Бишкек шаардык сотунун судьясы тарабынан мыйзамсыз баюу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык сотунун «Ж.М.Б.» аттуу жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясына карата, Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Аталган судья мыйзамдуу киреше булактары жок болгонуна карабай, көптөгөн объектилерге ээ болгон.  Анын ичинде кымбат баалуу кыймылсыз мүлк жана бир катар коммерциялык объекттер, атап айтканда 74 кымбат батир, 19 соода жайы, 10 унаа токтотуучу жай, ошондой эле Бишкек шаарынын «алтын аянты» деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелерге ээлик кылат.

Муну менен катар, айыпталуучу кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында, мыйзамсыз байлыктарын жашыруу максатында жакын туугандары жана башка адамдарга керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзгөн. Бирок ал адамдарда ири байлык тапкан мыйзамдуу кирешелери болгон эмес.

Учурда судьяга таандык башка декларацияланбаган кыймылсыз мүлк объекттерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

Exit mobile version