Site icon Reporter.kg

УКМК: Бишкекте баасы 317,1 млн сом болгон имарат мамлекетке кайтарылды

Бишкекте баасы 317 млн 106 миң сом (3 млн 750 миң доллар) болгон имарат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган имарат Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Советтер Союзу тарагандан кийин «Тунгуч» жаштар драма театры жайгашкан имарат мыйзам бузуу менен «Т.П.Ц.Т.» ЖЧКсынын менчигине мыйзам бузуу менен берилип кеткен. Аталган имарат тарыхый жана маданий эстелик болуп саналып, мамлекеттин коргоосунда тургандыктан, ал коомдук оюн-зоок жана социалдык-маданий максатта гана колдонулушу керек болгон. Бирок имарат жеке колдорго өтүп кеткенден кийин ал жерде көп жылдар бою түнкү клуб иштеп келген.

УКМК билдиргендей, аталган объектти мамлекетке кайтаруу максатында алар имараттын азыркы ээси Ч.В.С. менен профилактикалык иштерди жүргүзүп, натыйжада ал «Т.П.Ц.Т.» ЖЧКсынын 100% акциясын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүп берген.

Exit mobile version