Site icon Reporter.kg

УКМК Бишкекте салынган жолдордун сапатын текшерип жатат

УКМК Бишкек шаарындагы жол оңдоо иштеринин сапаты боюнча текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы мезгилде социалдык тармактарда шаардагы жолдордун абалы, курулуштагы мүчүлүштүктөр жана кемчиликтер тууралуу видео жана сүрөт материалдар активдүү таркалууда.

2024-жылы Бишкек шаарында негизги жолдорду оңдоого 1,38 миллиард сом сарпталганы белгиленип, 2025-жылга бул сумма 5 миллиард сомго жакындаганы айтылууда. УКМКнын билдирүүсүндө, мындай ири көлөмдөгү каржылоо сапат жана ачыктык боюнча өзгөчө көзөмөлдү талап кылары баса белгиленди.

Учурда мекеме тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп, аткарылган иштердин сапаты, көлөмү жана долбоордук-сметалык документтерге шайкештиги боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

«Эгерде текшерүү жыйынтыгында техникалык ченемдердин бузулушу, иштин көлөмүн же наркын ашыкча баалоо фактылары аныкталса, мыйзам чегинде күнөөлүү тараптар жоопкерчиликке тартылат», — деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Exit mobile version