УКМК: Бишкекте жасалма 10 миң евро сатып жаткан адам кармалды

УКМК: Бишкекте жасалма 10 миң евро сатып жаткан адам кармалды

Бишкекте жасалма чет өлкөлүк акчаны сатып өткөрүүгө  аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Такталгандай, 27 жаштагы шектүү жасалма 10500 еврону акча алмаштыруучу жайдын кассири менен биргеликте сатууга аракет кылган учурунда колго түшкөн.

Азыркы учурда кармалган адам УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>