Site icon Reporter.kg

УКМК Бишкек сотунун судьясы Абдураимов менен аялын кармады

Бишкек шаардык сотунун судьясы А.А.Б. (мындай инициалдар менен шаардык сотто Абдураимов Арзыбай Базарбаевич иштейт — ред.) жана анын жубайы М.Г.М. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Абдураимовдун жубайы бир аялдан (А.Г.) 2000 доллар (174 миң сом) талап кылып, «МБанк» аркылуу акча котортуп алган. Акча берген аялдын иши жарандык тартипте шаардык сотто каралып жаткандыктан, ал Абдураимовдун жубайына өтүнүч менен кайрылган: ал аял Арзыбай Абдураимов анын ишин карап жаткан судья Ж.М.Ж.га (мындай инициалдар менен шаардык сотто Жаныбеков Медер Жаныбекович иштейт) барып, ишин оң жакка чечип берүүсүн айтышын суранган.

16-декабрда Арзыбай Абдураимов өзүнүн кесиптешинин иш бөлмөсүнө келип, жанагы аялга (А.Г.) жардам берүүсүн өтүнгөн. Бирок ал баш тартып, ишти мыйзам чегинде карай турганын айткан. Кийин ал ишти кароону токтоткон. Иштин токтотулушу А.Г.нын пайдасына болгон эмес.

Жыйнытыгында УКМК Арзыбай Абдураимов менен анын жубайын кармаган. Ошондой эле Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынан Абдураимовду жоопко тартууга макулдук алынган.

Бүгүн судья менен анын аялынын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралат.

Exit mobile version