УКМК: Бишкектеги жер астынан жана жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөрдү курууда мыйзам бузуулар аныкталды

УКМК: Бишкектеги жер астынан жана жер үстүнөн өтүүчү өтмөктөрдү курууда мыйзам бузуулар аныкталды

Бишкектеги жер үстүнөн жана жер астынан жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдү курууда   иштин баасын жогорулатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2018-жылы Бишкек шаардык  прокуратурасы Чүй проспектиси жана Абдырахманов көчөсү, Манас жана  Чүй проспектилериндеги жер алданынан жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдүн жана Курманжан Датка жана  Шабдан баатыр көчөлөрүндөгү жер үстүнөн жөө жүргүнчү өтүүчү өтмөктөрдү куруу сынактарына текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 498,9 миң сом суммасында иштин баасын жогорулатуу боюнча факт аныкталып, 122,3 миң сом акча каражатына кылынуучу иштер ортомчулар тарабынан четтетилген.

Ошентип жалпысынан Бишкек шаарынын казынасына 376,6 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Текшерүүдөн кийин Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын 7 кызматкери  дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

Бул фактылар боюнча Бишкек шаардык  прокуратурасы тарабынан “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, иши УКМКга өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>