Site icon Reporter.kg

УКМК Бишкектин билим берүү башкармалыгына иш козгоду

Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мамлекеттик сатып алууларды тийиштүү тендер өткөрбөстөн жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Такталгандай, 2011-2018-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары жеке ишкана менен жең учунан сүйлөшүп алып, лифт агрегаттарын даярдоо, жылуулук жана электр энергиясын эсептөө приборлорун техникалык тейлөө жана текшерүү боюнча кызматтарды сатып алууну жана ошондой эле  ысык жана муздак сууну  сынаксыз жана тийиштүү тендерсиз, ишке ашырышканы аныкталды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, муниципалитетке 30 миллион сомго жакын зыян келтирген.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version