Site icon Reporter.kg

УКМК: Бишкектин четинде салынган кымбат баадагы 24 батир мамлекетке өткөрүлдү

Бишкектин четинде салынган кымбат баадагы 24 батир мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар борбор калаанын түштүк тарабынан көп кабат үй куруу үчүн мыйзамсыз жер берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөө учурунда аныкталгандай, 2005-жылы мэрия курулуш компаниясына жерди арзан баада ижарага берип, салынган батирлердин 13%ы шаар бийлигине өткөрүп берилет деген келишим түзгөн. Кийин бөлүнүп берилген 1,5 гектар жерге 7 блоктон турган «Ницца Резиденс» турак жай комплекси тургузулган. Анда жалпы аянты 19 миң чарчы метрден ашкан 166 батир салынган.

Бирок ижарачынын жана куруучунун демилгеси боюнча муниципалдык кызмат адамдарынын тымызын көмөгү менен соттун чечиминин негизинде батирлердин бир бөлүгүн мэрияга өткөрүү тууралуу милдеттенме келишимден алынып салынган. УКМК бул иште коррупция болгон деп болжолдоодо.

УКМК алар көргөн чаралардын натыйжасында жалпы аянты 2 миң 685,9 чарчы метр болгон 24 батир мамлекетке берилгенин билдирди. Батирлердин ар бири 3 бөлмөлүү, аянты дээрлик 120 чарчы метрди түзөт.

Exit mobile version