Site icon Reporter.kg

УКМК Чүйдө баасы 255,6 млн сомдук мектеп мамлекетке кайтарылганын билдирди

Чүйдүн Сокулук районундагы Гаврилов мектебинин имараты жана жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Атайын кызмат билдиргендей, аталган мектеп 1992-жылы Шопоков атындагы кооператив тарабынан менчиктештирилген. 2006-жылы Билим берүү министрлиги мектепти 12,5 млн сомго сатып алып, акчаны кооперативдин эсебине которуп берген. Бирок ага карабай кооператив мектепти кайтарбай келген.

УКМК алар көргөн чаралардын натыйжасында мектеп мамлекетке кайтарылганын билдирди. Анын баасы 255 млн 649 миң сомду түзөт.

Exit mobile version