Чүйдүн Аламүдүн районундагы «Кызыл-Белес» тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, Аламүдүн районунун жергиликтүү бийлигинин жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин жооптуу кызматкерлери жалпы аянты 10 гектар болгон жайыт жерди жана тоо лыжа базасын жеке менчикке берип жиберген. Кийин лыжа базасынын ээси аны башка бирөөлөргө саткан.
УКМК билдиргендей, териштирүүнүн жыйынтыгында азыркы ээси лыжа базасын жери менен мамлекетке өткөрүп берген. Анын баасы 50 млн сомдон ашат.