Site icon Reporter.kg

УКМК дагы бир коррупциялык ишти аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын Октябрь райондук билим берүү борборундагы коррупциялык фактыны аныктап, тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу аталаган мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Такталгандай, Октябрь райондук билим берүү борборунун мурунку айрым кызматкерлери Октябрь административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын орун басары Т.К. жана Каржы министрлигинин Октябрь райондук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Н.С. менен жең учунан сүйлөшүп алып коррупциялык иштерди жасап жүрүшкөн.

Октябрь райондук билим берүү борборунун ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөндө Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетине алдын-ала эсептөөлөр боюнча 90 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Бул фактылар Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмү (“Коррупция”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда кылмыш ишке катышкан жана тийешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.

Exit mobile version