УКМК дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандарды колго түшүрдү

УКМК дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандарды колго түшүрдү

16-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте Талас районундагы Чоң Капка-Автожол өткөрүү пунктунда Кыргызстандын аймагына дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келүү каналынын жолун бөгөттөдү.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалган 100 кутучанын 176 аталыштагы дары-дармектин уруксат кагаздары жок.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жүктүн баасы 4 миллион сомдон жогору. Учурда бардык жагдайларды тактоо үчүн компетенцияга ылайык материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>