Сот департаментине караштуу сот аткаруу кызматынын Бишкектеги Ленин районундагы эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМкдан кабарлашты.
Атайын кызмат бидиргендей, шектүү катары кармалган капитан А.А. жана лейтенант М.Т. кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардан опузалап акча алган деп шектелүүдө.
Кайсы бир жарандык иш каралганда сот тараптардын биринин пайдасына чечим чыгарат. Анын негизинде сот аткаруучу ошол жарандын кызыкчылыгында камакка салуу, карызды өндүрүп берүү, карызды кайтарууга көмөктөшүү сыяктуу иштерди алып барышы керек. Бирок аталган эки сот аткаруучу аларга акчалай сый акы берилмейинче, өз милдеттерин аткарбай жүргөн.
Ошондой эле ар кандай маселелер боюнча ишти кароону карабай коюп, создуктуруп турушкан: чек өлкөгө чыгууга чектөөнү алып салуу, карыз төлөнгөнү тууралуу кабар жөнөтпөө ж.б. Иш жаран акча бергенден кийин гана ордунан жылчу.
Аталган эки кызматкерге Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Алар УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда буга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
УКМК аталган эки кызматкер коррупцияга каршы кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча жоопко тартыларын, айып пул менен кутула албасын, кийин жумушуна кайтып келүүгө мүмкүн болбой турганын билдирди.