Site icon Reporter.kg

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

«Жамаат Таухид ва Жихад» эл аралык террордук уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүү катары кармалган Д.К. аттуу жаран буга чейин Сирияда диверсиялык-террористтик даярдыктан өткөн. Сирия өкмөтүнүн күчтөрүнө каршы аскердик операцияларга катышкан.

Ал буга чейин эл аралык издөөгө алынган.

Аталган жаран соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Exit mobile version