Site icon Reporter.kg

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды

Эл аралык террористтик уюмдун жалдоочусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, коңшу өлкөлөрдүн биринин жараны Е.В.В. кармалды.

«Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалган адамдан – Макаров пистолети, 4 даана бычак, 2 даана мобилдик аппарат, чоң көлөмдөгү диний адабияттар, 7 даана банк карталары, террористтик мазмундагы видео-аудио файлдар табылып алынды»,- деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version