Site icon Reporter.kg

УКМК: «Фейсбуктун» колдонуучусу башаламандыктарга чакырык жасоого шектелип кармалды

«Фейсбуктун» Ali Osman аттуу колдонуучусу массалык башаламандыктарга чакырык жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандык) жана 330- беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча шектүү катары кармалган.

Атайын кызматтан маалыматы боюнча, ал «Фейсбукка» массалык башаламандыктарга жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды байма-бай жарыялап келген.

Шектүү К.А. 47 жашта экени, «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү экени айтылды.

УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, ошондой эле массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана ага катышууга багытталган аракеттер үчүн мыйзамда 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

Exit mobile version