УКМК Финполдун мурдагы жетекчиси Сүйүнбаевге издөө жарыялады

УКМК Финполдун мурдагы жетекчиси Сүйүнбаевге издөө жарыялады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети зергер буюмдарын өзгөчө ири масштабда аткезчилик жолу менен ташуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү улантууда.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, бир нече жолу суракка жана башка тергөө иш-аракеттерине чакырылган Финполдун мурдагы жетекчиси Болот Сүйүмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс далилдер алынды.

Сүйүмбаевдин суракка келбей жаткандыгына байланыштуу УКМКнын тергөө органдары аны кылмышка шектүү катары кароодо. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 223-бөлүгү (экономикалык аткезчилик) менен издөө жарыяланды.

Учурда тергөө тобу тарабынан жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга багытталган керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>