УКМК: Хизбут-Тахрирдин мүчөсү кармалды

УКМК: Хизбут-Тахрирдин мүчөсү кармалды

«Хизбут-Тахрир» ДЭУ мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүрүп жаткан контртеррористтик иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарында «Хизбут-Тахрир» диний экстремистик уюмунун активдүү мүчөсү «Ж.А.» аттуу Кыргызстандын жаранынын Интернет тармагы аркылуу «Халифат» түзүүгө чакырган иш аркеттерине бөгөт коюлду.

Кармалган адамдын жашаган жерин тинтүү жүргүзүү учурунда экстремисттик багыттагы материалдар табылган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык «Ж.А.» Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1- тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Жогорку соттун токтому менен «Хизбут-Тахрир» 2003-жылдан 20-августунан тартып, экстремисттик уюм деп таанылып, Кыргызстандын аймагында анын иш-аракеттерине тыюу салынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>