Gergert Sport компаниясынын ээси Виталий Гергерт кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гергерт Кылмыш-жаза кодексинин 41, 337-беренелери (кызмат абаланынан кыянаттык менен пайдаланууга тукуруу) боюнча шектелүүдө.
УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен ал тергөө аяктаганча 4-февралга чейин камакка алынган.