Site icon Reporter.kg

УКМК ишкер Жалил Атамбаевди кайра кармады

жалил Атамбаев

Ишкер, мурдагы милиция кызматкери Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Атамбаевдин бөгөт чарасы 8-августта Октябрь райондук сотунда каралган. Сот тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырып, Атамбаевди 4-сентябрга чейин камакка алган. Ал №1 тергөө абагында отурат.

Жергиликтүү басылмалар, Атамбаев уюшкан кылмыштуу топту каржылоо айыпталып жатканын жазууда.

Ал УКМК тарабынан кармалган.

Эскерте кетсек, Жалил Атамбаев УКМК тарабынан биринчи ирет кармалып жаткан жок. 2021-жылы 4-мартта Коопсуздук комитети Атамбаев «мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кармалганын маалымдаган. Бир күн өтүп-өтпөй эле 5-мартта ал үй камагына чыгарылганы, мамлекетке 50,5 млн сом төккөнү кабарланган. 29-мартта УКМК Жалал Атамбаев бюджетке жалпы 100 млн сом төккөнүн билдирген.

Жалил Атамбаев мамлекетке 100 млн сом төктү

Exit mobile version