Site icon Reporter.kg

УКМК ишкерден 20 миң доллар опузалаган салыкчы кармалганын билдирди

Ишкерден 20 миң доллар пара опузалаган салык кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Ж.Б. аттуу салык кызматкери «салыктык текшерүү жүргүзөм» деп ишкерди коркутуп, 20 миң доллар опузалаган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ылайык (пара опузалоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

УКМК билдиргендей, салык кызматкери Чүйдүн Көк-Жар айылында 5 миң доллар алып жатканда колго түшүрүлгөн. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Exit mobile version