УКМК «Кабарлар» агенттигинин директорун пара алып жаткан жеринен кармады — сүрөттөр

УКМК «Кабарлар» агенттигинин директорун пара алып жаткан жеринен кармады — сүрөттөр

“Кабарлар”  агенттигинин жетекчилеринин бири акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  маалымат агенттиктердин биринин директору Ү.М. “Пара талап кылуу” беренеси боюнча кармалып, камакка алынды. Ал 84 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда колго түшкөн.

Кармалган адам видеотасманы алып салуу үчүн көрсөтүлгөн каражатты опузалап талап кылгандыгы аныкталды. Маалымат агенттиктин сайтына арыз ээсинин мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан административдик жоопкерчиликке тартылып жаткан учурдагы видеосу жарыяланган. Арыз ээси ал материалды алып салууну суранганда, Ү.М. акча талап кылган.

Учурда М.Ү.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Reporter.kg маалымат булактары укук коргоо органдарынын кызматкерлери «Кабарлар» маалымат агенттигинин башчысы Үмүт Мукамбетованы кармашкандыгын кабарлашты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>