Site icon Reporter.kg

УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасын кармады

Камчыбек Ташиев

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы А.Т.О. кармалды. Бул тууралуу  маалыматты Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан ырасташты.

А.Т.О.нун бөгөт чарасы 11-июлда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен ал 11-августка чейин камакка алынган.

Ташиевдин бажасы ири өлчөмдө алдамчылык жасаган деп шектелүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, А.Т.О. Казакстандын жараны.

Exit mobile version