УКМК Камчыбек Ташиевдин бажасын кармады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы А.Т.О. кармалды. Бул тууралуу  маалыматты Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан ырасташты. А.Т.О.нун бөгөт чарасы 11-июлда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен ал 11-августка чейин камакка алынган. Ташиевдин бажасы ири өлчөмдө алдамчылык жасаган деп шектелүүдө. Айрым маалыматтарга караганда, А.Т.О. Казакстандын жараны.