УКМК: Каныбек Осмоналиев тергөө абагына киргизилди

УКМК: Каныбек Осмоналиев тергөө абагына киргизилди

Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучуларнын бири Каныбек Осмоналиев жана активдүү мүчөсү Д.А. Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камалды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалгандар “бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деп” шектелүүдө.

Аларга карата Жазык кодексинин 309-беренеси менен сото чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган адамдарга карата жасалган кылмыш тууралуу билдирме берилип, алардын баш коргоо чарасы каралат.

2-мартта өткөн митингдин соңунда акциянын катышуучулары Ак Үйгө карай бет алганда милиция  көздөн жаш чыгаруучу, кулак тундуруучу куралдарды колдонуп жана суу менен аткылап элди аянттан сүрүп чыгарган.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон саясатчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. Сот аны 11 жыл алты айга кесилген.

Өткөн жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>