Site icon Reporter.kg

УКМК Кара-Балтадагы унаа бекетти мамлекетке кайтарганын билдирди

Чүйдүн Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы унаа бекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, буга чейин Чүйдүн мамлекеттик администрациясынын жана Жайыл районунун жергиликтүү бийлигинин жооптуу адамдары тарабынан Кара-Балтадагы унаа бекети 0,60 гектар жери менен жеке менчикке берилген. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө анын ээси унаа бекетин мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Анын баасы 209 млн сомго жетет.

Exit mobile version