Site icon Reporter.kg

УКМК Кара-Көлдүн мурдагы мэри Ильяз Еркеевди кармады

Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри Е.И.М. (Еркеев Ильяз Марсович — ред.) бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, бир топ жыл мурда Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Кара-Көлдүн Кетмен-Төбө айылына 10 чакырым суу түтүктөрү тартылган. Бул иштерди аткаруу үчүн «К.Б.» аттуу компания менен келишим түзүлгөн. Бирок ал келишим алдын ала эле пайдасыз болгон.

Натыйжада курулуш иштери учурунда эски суу куурлары казып алынып, сатылган. Ал эми жаңы куурларды тартуу иштери сапатсыз аткарылып, суу түтүктөрү пайдаланууга жараксыз болуп калган. Анын айынан Кетмен-Төбөнүн тургундары 10 жылдан бери таза сууга жетпей келет.

Андан тышкары Е.И.М. мэр болуп турганда мыйзамсыз ээ болгон мүлкүн адалдаштырган деп шектелүүдө.

Белгилей кетсек, Е.И.М. деген баш тамгалар Кара-Көлдүн мурдагы мэри Еркеев Ильяз Марсовичтин аты-жөнү менен туура келет.

Exit mobile version