УКМК кармаган адам БеспределKG баракчасынын ээси болгон

УКМК кармаган адам БеспределKG баракчасынын ээси болгон

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармак аркылуу  аймактар аралык касташууну козуткан адамдын кармалгандыгын кабарлаган.

Айрым басылмалардын жазганына караганда, кармалган адам Фейсбуктагы БеспределKG баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков болгон.

“Адегенде модераторго улут аралык кастыкты козутуу боюнча эскертүү берилген. Ага карабай баракчада улут жана аймак аралык касташууну козуткан маалыматтар жарыялана бергендиктен баракчанын ээси кармлаган”, — деп жазган жергиликтүү басылмалар.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова дагы  Жоробековдун кармалганын тастыктап,  2 айга камакка алынганын ырастаган.

УКМКнын маалыматына ылайык, шектүү 24-нобрда кармалып, тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>