Site icon Reporter.kg

УКМК кармаган Максатбек Сазыкулов камактан бошотулду

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Максатбек Сазыкулов эч жакка кетпөө тилкаты менен камактан бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Анын бөгөт чарасы 30-майда каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен мурдагы вице-мэр камактан чыккан.

Эскерте кетсек, Максатбек Сазыкулов быйыл 14-апрелде УКМК тарабынан кармалып, андан кийин камакка алынган.

Бишкекте вице-мэр муниципалдык жерди курулуш компанияга берип жиберген

 

Exit mobile version