Site icon Reporter.kg

УКМК кармаган сот менен жубайы эки айга камалды

УКМК тарабынан кармалган Бишкек шаардык сотунун судьясы Арзыбай Абдураимов жана анын жубайы М.Г.Г. 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Абдураимов менен аялы 2025-жылдын 14-февралына чейин тергөө аяктаганча камакка алынган.

Арзыбай Абдураимовго Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (кызмат абалын пайдаланып алдамчылык кылуу) жана жубайына ушул эле берене боюнча «кылмыштын аткаруучусу» деп айып тагылууда.

Эскерте кетсек, 18-декабрда УКМК Арзыбай Абдураимов менен анын жубайын кармаган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Абдураимовдун жубайы бир аялдан (А.Г.) 2000 доллар (174 миң сом) талап кылып, «МБанк» аркылуу акча котортуп алган. Акча берген аялдын иши жарандык тартипте шаардык сотто каралып жаткандыктан, ал Абдураимовдун жубайына өтүнүч менен кайрылган: ал аял Арзыбай Абдураимов анын ишин карап жаткан судья Ж.М.Ж.га (мындай инициалдар менен шаардык сотто Жаныбеков Медер Жаныбекович иштейт) барып, ишин оң жакка чечип берүүсүн айтышын суранган.

16-декабрда Арзыбай Абдураимов өзүнүн кесиптешинин иш бөлмөсүнө келип, жанагы аялга (А.Г.) жардам берүүсүн өтүнгөн. Бирок ал баш тартып, ишти мыйзам чегинде карай турганын айткан. Кийин ал ишти кароону токтоткон. Иштин токтотулушу А.Г.нын пайдасына болгон эмес.

Exit mobile version