Камакта отурган Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев тергөө учурунда ага күч колдонулганын билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга Жоомарт Карабаевдин каты жарыяланып, анда УКМКнын тергөөчүсү коркутуп-үркүтүп жатканы, өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн экени айтылган. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылып, анын ишин көзөмөлгө алууну суранган. УКМК анын билдирүүсү боюнча үн ката элек.
Жоомарт Карабаевдин каты соцтармактарга чыккандан кийин Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 19-сентябрда №1 тергөө абагына барып, Жоомарт Карабаевден кабар алган.
Жолугушууда Карабаев акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кат жолдоп, тергөө иштеринин жүрүшүндө укуктары бузулуп жатканын билдирип, жардам сураган. Карабаев тергөө учурунда ага күч колдонулганын билдирген.
Карабаев №1 тергөө абагынын кармоо шарттарына даттанган эмес. Аны менен бир камерада дагы 7 киши отурат. Ал эки жарым айдан ашык убакттан бери камакта жатат.
Акыйкатчы институту Башкы прокуратурага Жоомарт Карабаевдин арызы боюнча териштирүү жүргүзүп, тиешелүү чечим кабыл алууга чакырып кайрылды.
Ошондой эле акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отурган жарандардын укуктарын коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.
Эскерте кетсек, 2-июлда УКМК Жоомарт Карабаевди суракка чакырып, андан кийин кармаган. Атайын кызмат ага «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кармалганга чейин Карабаев социалдык тармактар аркылуу УКМК жана Илимдер академиясынын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.
УКМК айтылган сындар боюнча үн каткан эмес. Ошондой эле Жоомарт Карабаевге козголгон иш боюнча маалымат бере элек.
Кыргызстанда буга чейин да соцтармактагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, жоопко тартылган жарандар болгон. Аларга көбүнчө «массалык башаламандыктарга чакырыктар» же «бийликти басып алууга чакырыктар» беренеси менен иш козголгон. Бул иштер боюнча далил катары экспертизалардын корутундусу колдонулган.