Site icon Reporter.kg

УКМК: Казакстандагы тополоңдо Кыргызстандын эки жараны каза болду

Казакстандагы тополоңдо Кыргызстандын эки жараны набыт болгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары Кыргызстандын 5 жараны кармалып, алардын жакындары менен байланыш түзүлдү.

«Учурда республиканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги Казакстандын тиешелүү түзүмдөрү менен бирдикте жарандарга зарыл саясий-укуктук жана башка жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу үзгүлтүксүз консультациялар, тактоолор жүргүзүлүп, бардыгына тиешелүү мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт», — деп билдирди УКМК.

Учурда Казакстандын укук коргоо органдары жарандарды, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын тиешелүү текшерүүгө алууну улантууда. Текшерүү иш-чараларынан кийин алар бошотулат. Буга байланыштуу УКМК Казакстанда жүргөн мекендештерди сабырдуулукка жана түшүнүүгө чакырат.

Exit mobile version