УКМК Казакстандан күйүүчү май ташыган мыйзамсыз каналды аныктады

УКМК Казакстандан күйүүчү май ташыган мыйзамсыз каналды аныктады

Казакстандан өлкөгө темир жол аркылуу  мыйзамсыз күйүүчү май ташып келген канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

27-декабрында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылындагы мунай базасынан 4 миң 262 тонна мыйзамсыз ташылып келген күйүүчү жана майлоочу материалдар кармалды.

Ошондой эле 28-декабрь күнү «Кайынды» станциясынан «Кайынды-темир жол» контролдук-өткөрүү пункт аркылуу «уайтспирт» түрүндө көрсөтүлүп салык төлөмдөрүнөн качкан 120 тонналык 4 цистерна-вагон кармалды.

Бул фактылар Жазык- кодексинин 231-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш катталды.

Учурда жогорудагы фактылар боюнча  мамлекетке келтирилген зыяндардын  суммасы эсептелүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>