УКМК Кеңешбек Дүйшөбаевдин билдирүүсүнө жооп берди

УКМК Кеңешбек Дүйшөбаевдин билдирүүсүнө жооп берди

Улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин «бийлик криминал менен келишип алган» деген билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Ал билдирүүдө Кеңешбек Дүйшөбаевдин билдирүүсү чындыкка дал келбей тургандыгы, криминалга каршы катуу күрөш жүрүп жаткандыгын айтылат.   

“УКМК коррупцияга жана криминалга каршы активдүү күрөш жүргүзүүдө. Баардык иш-чаралар мыйзам чегинде жүрүп жатат.  Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана криминалдык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тийиштүү иштер жасалууда”, — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө. 

Белгилей кетсек, эки апта мурун Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев 26-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, бүгүн журналисттерге маалымат жыйын берди. Анда УКМКнын ишин сынга алып,  Райымбек Матраимовдун жана кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармалуусун “театрлашкан шоу” деп атаган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>