Site icon Reporter.kg

УКМК: Кеминде 119,9 млн сомдук объект мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Кемин районунда мурдагы касапкананын жана колбаса азыктарын чыгарган ишкананын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, 1995-жылы кызмат адамдар аны жеке менчикке чыгарып кетип, азыркы күнгө чейин колдонуп келген.

Анын базар баасы 119 млн 937 миң сомду түзөт.

Exit mobile version