УКМК: Кримтөбөл Камчы Көлбаев абактан бошотулду

УКМК: Кримтөбөл Камчы Көлбаев абактан бошотулду

Кримтөбөл Камчы Көлбаев, жашаган аймагынан чыкпоо талабы абактан бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Асанбек (Көлбаев) Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алган чечимге ылайык, 22-мартка чейин абакта кармалуусу керек болгон. Бирок анын жактоочулары сотко бул чечим туура эместигин айтып арыз менен кайрылышкан.

Анын натыйжасында сот алардын өтүнүчүн канаатандырып, кечээ, 2-мартта Камчыбек Асанбекти (Көлбаевди) жашаган аймагын тактап айтканда Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынан сыртка чыкпоо талабы менен абактан бошоткон.

Белгилей кетсек, Камчы Көлбаев “Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу” беренеси менен  2020-жылдын 22-октябрда Бишкекте кармалган.  Кийин №47 абакка которулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>