Site icon Reporter.kg

УКМК: Курал-жарак сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

УКМК курал-жарак жана ок-дарыларды сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Н.Т.З., М.Э.К., Н.К.А., Н.Т.Т., О.Б.Т., А.Т.Б., С.Р.Д. аттуу жарандар, ошондой эле чек ара кызматынын учурдагы жана мурдагы кызматкерлери Э.К.К. жана А.у.Н. РГД-5 үлгүсүндөгү согуштук гранаталардын ири партиясын сатууну пландаштырышканы аныкталган.

Тергөөдө уюшкан топтун мүчөлөрү кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусу учурунда РГД-5 гранаталарын колдонуу шылтоосу менен чек ара кызматкерлери менен келишип алып, аларга ишенип берилген мүлктү уурдап, кылмыштуу топко сатып жиберишкени белгилүү болгон.

«Кармалгандардын ар бири өздөрүнүн кылмыштуу милдеттерин ачык-айкын аткарышкан, атап айтканда, бири кардарларды издөө менен алектенген, башкасы курал ташуу үчүн автотранспорт каражаттарын жана коопсуз кыймыл үчүн адистештирилген аскердик кийимдерди даярдоо болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында 4 даана РГД-5 гранатасы, кесилген ок атуучу мылтык, 7,62 мм жана 5,45 калибрлүү ок-дарылар алынган.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар 9 адам кармалып, №21 тергөө абагына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version