Коррупция фактысы боюнча Кыргызстандын профсоюздар федерациясына караштуу «Кыргызкурорттуризм» башкармалыгынын жетекчисинин А.М.Д. аттуу орун басары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал 2012-2021-жылдары «Жалал-Абад» санаторийинин директору болуп турганда кылмыштык схема түзүп, мыйзамсыз акча чыгарган жана өз чөнтөгүн толтурган деп шектелүүдө.
Анын айынан «Жалал-Абад» санаторийине 42 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.