УКМК: Ленин районунда 5 миң доллар пара алган салыкчылар кармалды

УКМК: Ленин районунда 5 миң доллар пара алган салыкчылар кармалды

Бишкек шаарындагы Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы жана инспектору пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Такталгандай, жогоруда көрсөтүлгөн жооптуу кызмат адамдары жеке компаниянын бухгалтеринен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң тарапка чечип берүү үчүн 25 000 доллар талап кылышкан.

Февраль айларында салык кызматынын инспектору белгиленген сумманын бир бөлүгү 5000 доллар акча каражатын алган. 6-март күнү алардын иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөндө жеке компаниянын салык боюнча текшерүүгө көрсөтүлгөн документтери табылып алынды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (“Опузалап пара талап кылуу”) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган адамдар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

[su_image_carousel source=»media: 22751,22752,22753″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>