Site icon Reporter.kg

УКМК Миң-Өрүк айылындагы окуянын себебин иликтеди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кызматтык ички иликтөөнүн жыйынтыгында 2022-жылдын 7-августунда Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Өрүк айылына жакын жерде болгон окуянын чоо-жайы белгилүү болгондугун маалымдайт.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой, катардагы жоокер К.Ж.у., чек ара кезметинин курамында болуп,  Куралдуу Күчтөрүнүн Уставынын талаптарын бузуу менен, жакын жерде ойноп жаткан балдарга билбестен курал алууга уруксат берген. Алардын бири кокусунан куралдын курогун (куралдын тетиги) тартып, ок чыгарган. Ок 2014-жылы туулган А.С.га тийген.

Окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы жана укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Exit mobile version