Site icon Reporter.kg

УКМК мурдагы Финполициянын төрагасынын экс-орун басарын кармады

УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н.Ж. жана КР Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б.Б. көзөмөлү астында ири суммадагы акча каражатын Кытайга  мыйзамсыз которуу боюнча туруктуу канал уюштурган бир нече жарандардын тобун жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүн текшерүүдө. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыштуу топтун жетекчилери О.А.К жана Ж.Б.С. аттуу  кыргыз жарандары экендиги аныкталып, алар «Халык Банк Кыргызстан» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары И.М.К. жардамы менен өздөрүнүн фирмалары жана жасалма компаниялары аркылуу Орусиядан  Кыргызстанга контрабандалык жол менен алынып келинген акча каражаттарын которууну ишке ашырып, андан кийин жасалма бажы документтеринин негизинде Кытайга  өткөрүп берген.

2020-жылдын 23-мартынан 28-майына чейин «Бишкек Үч жүз он эки» ЖЧКсынан «Халык Банк Кыргызстан» ААК коммерциялык банк аркылуу Кытайга 49 миллион 153 миң 999 АКШ долларды накталай түрдө О.А.К. которгон.

2020-жылдын 1-сентябрынан 30-октябрына чейин «Кейджи Импэкс» ЖЧКсы «Халык Банк Кыргызстан» ААК коммерциялык банкы аркылуу Кытайга 311 миллион 56 миң 270 АКШ доллар которгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын 7-апрелинде жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар, ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн КР Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б.Б. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version