УКМК: Мыйзамсыз жүктү жок кылбай сатып жиберген сот аткаруучу кармалды

УКМК: Мыйзамсыз жүктү жок кылбай сатып жиберген сот аткаруучу кармалды

Аткезчилик менен алынып келинген өрдөк этин жок кылууга милдеттендирилген сот аткаруучу аны сатып жибергени үчүн камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 23-майында Биринчи Май райондук соту аткезчилик менен ташылып келген 70 тонна өрдөк этин жок кылуу боюнча чечим кабыл алган.

Аталган чечимди ишке ашыруу, Биринчи Май райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн С.Н.А. аттуу кызматкерине тапшырылган. Бирок сот аткаруучу кызматтык абалын пайдалануу менен  жүктүн 5 тоннасын жок кылып, 65 тоннасын С.Ф. жана К.Ж. аттуу ишкерлерге 150 миң долларга сатып жиберген.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. Буга катар эле сот аткаруучу С.Н.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>