Site icon Reporter.kg

УКМК мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Жаңы жылы менен куттуктады

УКМК кызматкерлери «Ден соолук үчүн бирге» коомдук фондунун «Нур+» реабилитациялык борборундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Кызматкерлер УКМКнын башчысы жана өздөрүнүн атынан балдарды куттуктап, белектерди жана атайын жабдууларды тапшырган. Ошондой эле коомдук фондго материалдык базасын жакшыртууга 300 миң (УКМКнын бөлүмдөрүнүн биринин бир күндүк эмгек акысы) берилген.

Реабилитациялык борбордун кызматкерлери жана балдардын ата-энелери аларга ыраазычылык билдирген. Коомдук фонд акчалай жардам алар отурган имараттардын ижара акысын төлөөгө жумшаларын айткан.

 

«Ден соолук үчүн бирге» коомдук фонду 2011-жылдын апрелинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана алардын ата-энелерин колдоо максатында негизделген. Фонд иштеп жаткан мезгилде 300дөн ашык бала реабилитация боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алышкан. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 33 баланын  ата-энеси жана жакын туугандары акысыз медициналык билим алышып, дефектология, логопедия жана психология негиздерине окутулган.

Exit mobile version