Нарында Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн жетекчилиги жана кызматкерлери 1,5 млн сом акчаны кымырып алганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, маданият кызматкерлери узак убакыттан бери өздөрүнө «аванс» катары акча жазып келишкен. Бирок ал акча маянадан кармалып калчу эмес.
Бухгалтердик текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, бюджетке келтирилген зыян 1 млн 5881, миң сомду түзгөн.
Аталган фактыга байланыштуу Ы.Т., Т.Ж., А.А., М.Р., М.А., Б.Р. жана А.Г. аттуу кызматкерлери суракка алынган. Алар акча кымырып алганын моюндап, акчаны толугу менен төлөгөн.