УКМК: Пара алган кызматкер мекеменин беделин түшүргөнү үчүн иштен бошотулду

УКМК: Пара алган кызматкер мекеменин беделин түшүргөнү үчүн иштен бошотулду

Пара алып жатып кармалган УКМКнын кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда Бишкекте УКМКнын жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү биргеликте ыкчам иш чара өткөрүшкөн. Анын алкагында Н.у.С аттуу Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалган. 

Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси боюнча «Пара талап кылуу» боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүн башталган.

Бул факты боюнча УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Н.у.С.га карата кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

Анын жыйынтыгы менен  аталган кызматкер УКМКнын беделин түшүргөндүгү үчүн иштен бошотулган.

Муну менен катар маалыматта Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы аталган адамга карата сотко чейинки өндүрүштү алып барып жатканы айтылат. 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>